Кеминде эки унаа сүзүшүп, айдоочу менен 4 айлык ымыркай каза болду

Чүй облусунун Кемин районунда Мерседес-Бенц менен Тойота Харриер үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшө кетип, айдоочу менен 4 айлык ымыркай каза болду. Эки адамдын өмүрүн алган кырсык 21-октябрь күнү таңкы саат 8:00 чамасында Кызыл-Октябрь айылынын тушунда катталган.

Чүй облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын ага тескөөчүсү Темирлан Мирсадык уулунун айтымында, кырсыктан дагы беш адам жаракат алган.

"Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда Мерседес-Бенц менен Тойота Харриер үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшө кеткен. Кырсыктан Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу менен Тойота Харриер унаасындагы 4 айлык ымыркай каза болуп калды. Дагы 5 адам ооруканага кайрылган", - деди Мирсадык уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан