Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев Түндүк-Түштүк альтернатива жолунун 1 чакырымы канча баага курулуп жатканын айта алган жок.
Жыйында депутат Руслан Казакбаев аны сынга алып, тийиштүү кызматкерлер жолдун баасын так билбесе, коррупциялык көрүнүштөр жасалып кетиши мүмкүн экенин айтты.
"Түндүк-Түштүк жолунун ар бир чакырымы канча баага курулат деген суроого так жооп бере албай жатасыздар. Бул деген коррупциялык тобокелчиликтин белгиси. Анткени тийиштүү адистер өздөрү жолдун канчага курулуп жатканын так айта албаса, анда Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык окуя кайрадан кайталанбайт деп эч ким айта албайт", - деди Казакбаев.