Депутат: "Эмне үчүн Казакстанда күйүүчү май бизге салыштырмалуу 15 сомго арзан?"

"Казакстанда күйүүчү май бизге салыштырмалуу 15 сомго арзан". Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз өлкөсү Бажы союзунан пайда таппай жатат.

"Эмне үчүн күйүүчү майда мындай айырма бар? Эмне үчүн Бажы союзуна кирдик анда? Эмне үчүн элге эркин тартипте күйүүчү майды алып келүүгө болбойт? Өзүм Казакстандан литрин 22 сомдон куйдурдум. Бажы союзуна кирбей туруп эле Өзбекстан “зеленый коридор” статусун алды. Биз эмнеге мындай кадамга бара албай жатабыз?" - деди эл өкүлү.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, күйүүчү май Орусия менен болгон келишимдин негизинде алып келинип жатат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз өлкөсүндө Казакстанга салыштырмалуу бизде күйүүчү май кымбат экенин айтып, "бирок бизде башка КМШ өлкөлөрүнөн арзан" деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bekmirzach
2018-10-22 12:11:00
КМШ өлкөлөрү менен салыштырганда кргызстанда май арзан. Казаксатнда майды өздөрү өндүгөндүгүнөн бизден 15 сомго арзан болууд.
+2
Natun
2018-10-22 12:17:07
Шугур дегилечи, бизде арзан. Арзанчылык болсо дагы айтасынар, деги эч нерсе жакпайт
-9
kubanaid
2018-10-22 12:33:59
Админ Айдаркен шаарында таптакыр бензин жок себебин билип бериниздерчи сураныч, рахмат.
+4
admin_superstan
2018-10-22 14:57:12
kubanaid,
Саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
bazar
2018-10-22 12:51:14
Тажикстандан эле арзан болбосо
+3
Benazir08
2018-10-22 18:01:46
Айдаркенге апарып эле атышат го бензинди.....
0
RaHat19
2018-10-22 19:42:37
кыргызстанда куйуучу май ото эле кымбат. Башка жакта жашоо женил аларга салыштырбагыла аларда пенсия жолок пулдар жогору аны тушунбойсунор.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан