Асылбек Жээнбеков: "Вице-премьер баш болуп так жооп бере албай жатасыңар"

Салык саясатына да бажы саясатына да өкмөт түз жооп бериши керек. Мындай пикирин депутат Асылбек Жээнбеков парламенттик комитеттин жыйынында айтты.

Жээнбеков берилген суроолорго так жооп бере албай жатканы үчүн өкмөт мүчөлөрүн сынга алды.

"Вице-премьер баш болуп келип алып бажы саясаты менен салык саясатына жооп бере албай жатат. "Бизде эмес экен. Биз жооп бербейбиз" деп айтпаңыздар. Бул эмне деген жооп? Өкмөт болгондон кийин баарына жооп бергиле да”, - деди ал.

Ошондой эле Жээнбеков учурда көмүскө экономика канча пайызды түзөрүн сурады.

Экономика министринин өкүлү бул көрсөткүч учурда 24,5 пайызды түзөрүн айтты.

“Мурда 70 пайызды түзөт деп айтылчу эле. Жылдан-жылга азайтып отуруп, эми эсептебей эле 24 пайыз деп жатасыңар. Көмүскө экономиканы жоюш керек”, - деди Жээнбеков.

Учурда тармактык комитетте 2019-жылдын бюджети талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Ali-han
2018-10-22 12:14:46
Асылбек Жээнбековдон депутаттар менен өкмөт коркушат. Бул адам парламенттин ханы!!!
+5
Azyk_tegin
2018-10-22 12:33:44
Ali-han, Парламенттин ханы эмес, Акасынын (агасынын Укосу (иниси) же Жээнбековдордун уй булоолук интригасы
-10
Bazake
2018-10-22 12:38:21
Azyk_tegin, Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы учун маселе которсо ХХХХХХХХ
+4
bekmirzach
2018-10-22 12:39:36
Асылбек Жээнбеков такшалган саясатчы. Өзишин жакшы билген депутат экенин элдин баары билет. Бирөөнүн дарегине сын айтуудан абайласак Атамбаевдин акчасын алыпалып бөйрөктөн шыйрак чыгарганды жакшы өздөштүрүпсүңөр.
+10
Natun
2018-10-22 12:41:27
Бөйрөктөн шыйрак чыгара бербегиле. ПРезиденттин иниси болсо талкан жутуп олтурушу керекпи?
+7
Azyk_tegin
2018-10-22 12:53:27
Natun, талкан жутпай эле, саясаттан алысыраак озунун ишин кылыш керек. Кыргызстан Жээнбековдордун менчиги эмес жалпы элдики...
+1
Bazake
2018-10-22 13:07:33
Azyk_tegin,Саясаттан алыс болсо деле "өзүнчө офис ачып алыптыр" деп чыгат. Анын парламентте, эл көзүндө болгону эле туура. Кабинетинде карапайым шайлоочуларды гана кабыл алып, өз милдетин так аткарып жатканы үчүн айып таппай жатат. Алыс болоюн деп алыс кетсе түрдүү жомоктор чыга баштайт. Мадатты таштабай элдин кызматын кыла бериши керек
+1
rysik79
2018-10-22 13:08:18
Асылбек бугунку кундо Кыргызстандагы эн таасирдуу адамдардын бири.Эртенкисин бир Кудайым озу билет.
+2
rysik79
2018-10-22 13:11:21
Байкуш илмиянов кечээги кун таасирдуу эле. Мурдагы куну Жаныш бакиев. Андан мурдаагы куну майрам акаева. Ушундай экен да бектер кетип эл калып. Бетеге кетип бел калып дегендей.
+10
Erik2018
2018-10-22 13:16:12
Асылбек Жээнбеков сүйлөсө эмне болуптур. Ал деген депутат каалаган оюн айтууга укуктуу. Балык ооз депутаттарга караганда рейтингги бир топ өйдө турат. Өкмөттү сындап туура айтыптыр.
+2
bekmirzach
2018-10-22 13:34:52
Өкмөттөн коркуп эле отура бербей, өкмөттүн ишин сынга алып турган депутат керекп? Керек!Президенттин иниси болсо эле баарына макул болуп отура бериши керекби.
+4
pat12
2018-10-22 13:53:36
Жээнбековдордон жакшылык жок
-1
Natun
2018-10-22 15:03:47
Эми Асылбек Жээнбеков силдердин тушуңарда чүчкүрө да албашы керекпи?
+2
Erik2018
2018-10-22 15:05:52
Асылбек Жээнбековду депутат катары абдан сыйлайм. Бир жолу аны менен жолугуп сүйлөшүп калдым жөнокөй адам экенин. Бул жерде теср пикир жазгандар алар жакшылыкты билбеген, ичи тар адамдар деп ойлойм.
+1
anonymous
2018-10-22 15:54:17
Бет чымын консо тайгаланат го чиркин
+2
Jelezo
2018-10-22 16:38:22
Базарлар,кафе ресторандар,кен казган ишканалар,салык төлөнөбөй жатканы баары депутаттар менен министрлерге карайт анан кантип алардан өндүрөт.
+1
Krai
2018-10-22 18:49:19
Асылбек Жээнбеков кучтуу саясатчы аны да баалай билуу керек
0
Isakov82
2018-10-22 20:26:46
Ушул pat12 деген дагы 5.6 тенирчиге эч нерсе жакпайт озу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан