Таласта эки унаа сүзүшүп 28 жаштагы айдоочу каза болду

Талас облусунда эки унаа сүзүшүп, айдоочулардын бири каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Талас районунун Кара-Суу айылында болгон.

"Кызыл-Туу айылынын 28 жаштагы тургуну К.М. өзүнүн ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаасы менен Кара-Суу айылында батыштан чыгышка карай бара жатып, Көк-Ой айылынын 30 жаштагы тургуну К.У.нун Мерседес Гелендваген унаасы менен сүзүшкөн. Окуя болгон жерден эки унаанын тең айдоочулары ооруканага жеткирилип, ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу алган жаракаттарынан улам каза болгон. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу учурда бейтапкананын сынык-жаракат бөлүмүндө дарыланууда", - деп билдирди аталган бөлүмдүн басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан