Чиновник депутаттарга Бишкек-Ош жолу эмнеден улам бузулуп жатканын түшүндүрдү

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Руслан Казакбаев Ош-Бишкек унаа жолунун бузулуп жатканынын негизги себебин транспорт жана жолдор министринин орун басарынан сурады.

Чиновник депутаттын суроосуна жооп бере албагандыгынан, анын ордуна министрликтин башка жооптуу кызматкери жооп берди.

"Бишкек-Ош жолун оңдоп-түзөө долбоору 1996-жылы ишке ашырылып башталган. Ал убакта жолдон өткөн унаалардын жалпы саны аз болчу. Жол саатына 6 жарым миң унаадан 11 миң унаага чейин өткөнгө ылайыкталган. Жүктүн көлөмү 8 тоннага чейин гана ылайыкталган. Мурда КамАЗ үлгүсүндөгү унаалар, учурда Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар өтүп жатат. Өзгөчө күйүүчү май ташыган унаалар жайкысын оор жүк менен баратып, ысып турган асфальттын үстүнөн тормоз басканда, асфальт сүрүлүп, жол бузулуп жатат. Ушундан улам жаңы Түндүк-Түштүк альтернатива жолун куруу зарылчылыгы келип чыкты", - деди министрликтин кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sahka
2018-10-22 15:48:13
Кызык ко. 8 тоннага ылайыкташтырылып салынса. Аны козомолдогон орган кайда. Альтернатива жолунар канча тоннага ылайыкташтырылган. Дагы 5-10 жылда учунчу алтернативаны башташат ко
+3
Gulipa
2018-10-22 16:55:15
Ар кайсы шылтоону айтып кутулушат,баары суттон ак.Кыргызстан учун куйгон Адам жок,чындап куйгондун акчасы жок колунан эч нерсе келбейт,акчасы бар,колунан келе тургандын баш ооруткусу келбейт.Себеби ошол Оор жук ташыган унаалар баары чиновник,жепжутаттардыкы
+4
Gulipa
2018-10-22 16:57:06
Ортодо запчасть саткандар менен СТОлор байый турган болду
+2
urmat-77
2018-10-22 21:09:27
Жолдо жүргөндө теплый режим деген түшүнүк бар.Асфальт күн ысыгына жумшарат транспорт министрлиги ал режимди киргизген бирок акча алып койоберишет.Күн катуу ысыган убакта да чоң машиналар токтогонун эч ким көрө элек.Негизги минтранс иштебейт жакында кыш болот.Дагы МЧСке шылташат.МЧСтин иши ашуудагы пропканы караш эмес алдын ала аба ырайын айтуу.Жолго туз чачып күрөп туруш минтранстын милдети.Минтранс жок дегенде автовести туура иштетсе пара албай жолдор кыйла туруштук берет эле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан