Эл аралык каржы уюмдар тарабынан мамлекеттик бюджетке келип жаткан акчалай жардамдар азаюуда. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев айтты.
Министр сырткы жардамдардын эмне себептен азайып жатканына токтолгон жок.
“Барган сайын финансылык уюмдар тарабынан мамлекеттик бюджетке келип жаткан жардамдар азаюуда. Келерки жылга "Азия өнүктүрүү банкы" тарабынан 30 миллион доллар гана жардам көрсөтүлөрү күтүлүүдө”, - деди министр.