Эртең, 23-октябрда Ош шаарынын айрым аймактарында убактылуу электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жарык саат 09:00дөн 17:00гө чейин өчүрүлөт.
"2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу төмөндөгү даректерде убактылуу электр энергиясын берүү токтотулат. “Ак-Буура” аймактык кеңешине караштуу Масалиев көчөсүндө, Өзгөн, Тилеке-Баатыр, П.Лумумба, Нурумбетов, Мажүрүм Тал көчөлөрүндө, А.Навои атындагы сейил бакта, Ош шаардык салык кызматында, Орусия Федерациясынын башкы консулунда, борбордук базарда, “Ынтымак” КРТРКсында жана Өзбек драма театрында. “Достук” жана “Курманжан-Датка” аймактык кеңешине караштуу Ленин, Курманжан-Датка, Супаналиев, Грибоедов, Мичурин, Алымбеков, Ташкент, Лесхозная, Гренажный көчөлөрүндө убактылуу электр энергиясы өчүрүлөт", - деп жазылат маалыматта.