Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун имаратында бүгүн саат 12:30дар чамасында суу түтүгү жарылып кетти. Маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы ырастады. Белгилүү болгондой жылуулуктун берилиши суу түтүгүнүн жарылышына алып келген.
"Суу райондук соттун биринчи жана экинчи кабатын каптап, архивге дагы кирген. Буга байланыштуу жазык иштери боюнча соттук отурумдар эртеңки, 23-октябрга жылдырылган. Ал эми айыпталуучуларды тергөө абагына алып кетишкен. Жарандык иштер боюнча соттук отурумдар болду. Ички мекеме болгондуктан сот департаментинин техникалык көзөмөл боюнча кызматкерлери келип оңдоп, кызматкерлер сууну тазалашты. Эртең бардык соттук отурумдар өтөт", - деп билдирет Жогорку Соттун басма сөз кызматы.