Тогуз-Тородогу Сары-Кыр ашуусунда калып калган чабандар куткарыла элек

Тогуз-Торо районундагы Сары-Кыр ашуусунда калып калган чабандар куткарыла элек. Бул тууралуу 22-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 18-октябрь күнү Тогуз-Торо районундагы калың жааган кардын кесепетинен 5 чабан мал жандыктары менен Сары-Кыр ашуусунда калып калганы кабарланган. Алар туугандары менен байланышып аман-эсен жана тамак-аштары бар экенин билдиришкен.

19-октябрь күнү чабандардын абалын билүү үчүн аталган жайлоого 4 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janyjol.86
2018-10-22 15:58:05
Жыл сайын эле ушул корунуш чабандар калып Кетти куткарыш керек деген .окм дан Жана айыл окмоттон жазында чабандарга эскертуу берсе болбойбу 1актябырдан калбай кочуп келгиле андан кеч калсанар куткарбайбыз деп.кар жааганча ашуудун ары жагында ушубой этпей отура Берген.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан