“Ушул жылдын жыйынтыгы менен ар бир министрликтен иш сапарларына канча акча сарпталгандыгы жана кайсы адистер баргандыгы тууралуу маалымат берилсин” деп бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Аида Касымалиева өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге тапшырма берди.
Мындан сырткары депутат бардык министрликтин кызматкерлери дипломатиялык паспортторду кандай максатта колдонгонун да текшерүү керектигин айтты.
Каржы министри Адылбек Касымалиев иш сапарлар үчүн 2018-жылга бөлүнгөн каражаттар боюнча маалымат берди.
"Ушул жылга карата мамлекеттик кызматкерлердин иш сапарларына 809 миллион сом каралган. 19-октябрга карата 622 миллион сом сарпталган. Ал эми 2019-жылы иш сапарларга ушул эле көлөмдө акча каралат", - деди министр.