Айдоочу, сен өзүңдүн эле эмес, башкалардын өмүрүнө да жооптуусуң! ИИМ айдоочуларга эскертүү иретинде видеоролик тартты

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулар үчүн эскертүү иретинде "Айдоочу! Эсиңде болсун! Сен өзүңдүн эле эмес, башкалардын өмүрүнө да жооптуусуң!" аталышындагы ролик тартты.

Анда жол кырсыганан улам эч нерсеге жарабай темирди дат басып, үйүлүп калган унааларды көрүүгө болот. Ошондой эле "Булар да биринчи көргөндө көздүн жоосун алган унаалар эле. Кожоюндары сүйүнүп, кубанычтан майрам кылган. Бирок ушул ар бир унаа ошол адамдардын өмүрү менен кошо башка да адамдардын өмүрүн алса керек. Темирди калыбына келтирсе болот, бирок кыйылган өмүрдү кайтарып келүүгө мүмкүн эмес" деп айдоочуларга эскертүү жасалган.

Айдоочу! Эсиңде болсун!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан