Биринчи вице-премьер: "Бишкектеги социалдык мекемелер жылуулук менен толук камсыз болду"

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы бардык ооруканаларга, мектептерге, үйлөргө жылуулук берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кыш-күз мезгилине даярдык боюнча өтүп жаткан жыйында билдирди.

Бороновдун айтымында, бүгүнкү күндө 153 казандын ичинен 73 казан иштеп жатат. Ошондой эле 2018-жылдын ушул мезгилине чейин 4 миңден ашык электр жарыгын өчүрүү катталган.

“Быйыл 18-октябрдан баштап жылуулук энергиясын берүү башталды. Былтыркыдай болуп күн ысып, кайра өчүрүү маселелеси жаралса эмне кыласыңар?" - деп сурады Боронов.

"Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынын жетекчиси Эркин Абдыкалыков кайра өчүрүүгө болбой турганын айтты. "Бул жылы 8 күн катары менен аба ырайы суук болду. Ошол себептен жылуулук берүүгө туура келди. Эгер күн ысып кетсе жылуулук берүүнү токтотууга болбойт, токтотуп кайра бере турган болсок, көп чыгымга учурашыбыз анык", - деди Абдыкалыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DNurgiza
2018-10-23 16:11:10
Адамдар Бишкекте эле жашашпайт экенин, башка шаарларга да жылуулук бериш керек экенин ким айтып чыгат болду экен..... Суукта үйлөргө кошумча жылыткыч сайып, кабель нагрузка көптүгүнөн жарылып, 2,3күндөрдөн бери үйлөрдө свет жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан