Кыргыз мамлекети Өзбекстанга 2 центтен 399 миллион киловатт электр энергиясын экспорттогон. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигине төраганын орун басары Айтмамат Кадырбаев айтты.
“Электр станциялары” ишканасынын маалыматы боюнча, Өзбекстанга 399 миллион киловатт электр энергиясы 2 центтен экспорттолду. Мындан 16 жарым миллион доллар каражат түшкөн. Былтыркы жылы бул көрсөткүч 765 киловатты түзгөн”, - деди Кадырбаев.
Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, 2017-жылга караганда 2018-жылы электр энергиясын берүүдөгү авариялар 11 пайызга азайган.
Учурда күз-кыш мезгилине карата даярдык тууралуу маселе каралып жатат.