Бишкекте бир аптадан бери 1-топтогу ден соолугугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Элтуран Жумалиев изделүүдө. Ал 23 жашта. Жумалиев ушул жылдын 14-октябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Элтуран Жумалиевдин бою - 170 сантиметр, салмагы - болжол менен 65 килограмм. Чачы кыска, кара, кой көз, мурду кырдач. Ошол күнү ал капюшону бар кара күрмө, кочкул көк свитер жана бутунда күрөң түстөгү туфли кийип жүргөн.
Өзгөчө белгилери: Элтуран Жумалиевдин сүйлөө речи өрчүгөн эмес, түшүнүксүз сүйлөгөндүктөн, берилген суроолорго жооп бере албайт.
Элтуран тууралуу кандай гана маалымат билбесин жарандар "102" же 0705 21 72 75 номерлерине кайрылып коюусун жакындары суранат.