Алай районунда уксус ичип өз жанын кыйган 5 балалуу эненин өлүмүнүн болжолдуу себептери айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, маркумдун улуу баласы 22 жашта болсо, кичүүсү 14 жаштагы мектеп окуучусу.
"Каза болгон аялдын жолдошу суракка алынган. Ал жубайынын биринчи күйөөсүнөн 1 уулу бар экендигин айтып жатат. Айтымында, каза болгон аялдын биринчи турмушундагы уулунун үйлөнүү тоюна азыркы жолдошу барбай койгон. Ушул окуя аялдын уксус ичүүсүнө түрткү болушу мүмкүн деген божомолдор бар", - деди басма сөз кызматы.
Эске салсак, 17-октябрда Алай районундагы Будалык айылынын 1974-жылы туулган К.Н. аттуу тургуну өз үйүндө уксус ичип алган. Ал ооруканага жеткирилген, бирок көп өтпөй каза болуп калган. Анын артында 5 баласы жана жолдошу калган. Кийинчерээк маркум оор шартта жашаганы, турмуш-тиричилиги начар болгону айтылган.