Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоо боюнча жолугушуу кийинки айда Кыргыз өлкөсүндө өтөт

Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоо боюнча жолугушуу кийинки айда Кыргыз өлкөсүндө өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Наманган шаарында 15-21-октябрда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүн тактап жазуу боюнча маселе талкууланды. Жумушчу топтордун жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки тилке макулдашылып, тийиштүү протоколго кол коюлду.

2018-жылга бекитилген жолугушуулардын план-графигине ылайык, жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу ушул жылдын ноябрь айында Кыргыз өлкөсүнүн аймагында өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Фергана жана Баткен облустарынын чек арасындагы Шахимардан, Наманган жана Жалал-Абад облустарынын чек арасындагы Кандийон-Булок тилкесинин бөлүгү такталганын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
haydarkan
2018-10-22 19:19:45
Такталып бутту дединер элего кок мээлер элди алдап эмне пайда табасынар эшшектер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан