Билим берүү жана илим министрлиги жылытуу мезгилине толугу менен даяр эмес. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун катышуусунда өткөн күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйында белгилүү болду.
"Ооруканалар жана билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы 70-80 пайыз гана болууда, көмүр менен толук камсыз боло элек. Социалдык мекемелерге көмүрдү тез арада жеткирүү керек", - деди Кубатбек Боронов.
Министрликтин өкүлү жылытуу мезгилине 70-80 пайыз даяр экенин айтты.
"Бизде жалпысынан 2 миң 262 мекеме бар, анын ичинен 46 мекемени көмүр менен камсыз кылабыз. Бүгүнкү күндө 15 миллион сомдук көмүр жеткирилди, калганын жергиликтүү бийлик өзү сатып алат", - деди министрликтин өкүлү.