Таласта "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өттү

Бүгүн, 22-октябрда "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өттү. Бул тууралуу коомдук ишмер Сагынбек Абдрахманов социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Москва, Панфилов, Сокулук, Кочкор, Жумгал жана Токтогул районунда жыйындарды өткөргөн.

Ал эми КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева Абдрахманов КСДПнын тизмесинде жок экенин, өтүп жаткан жыйындар КСДПнын катчылыгы менен биргеликте өткөрүлүшү керек экендигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан