Ошто саунаны сойкукана катары иштетүүгө шектелген администраторлор кармалды

Ош шаарында саунаны сойкукана катары иштетет деген шек менен эки администратор кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-21-октябрь күндөрү Ош ШИИБинин кызматкерлери алдын ала маалыматтардын негизинде "Евразия" жана "Капитал" сауналарын текшеришкен. Анын жыйынтыгында сойкулук кызмат үчүн көмүскө жайларды уюштурууга шектелип администраторлор кармалган. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (сойкулук үчүн көмүскө жайларды уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда кармалган жарандар эки айга кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
elin
2018-10-22 21:06:27
А эмнеге самаштын куйоосу менен кайненеси кармалбайт????
+9
amirrus
2018-10-22 22:15:18
Доля сын бербей койгон го,Самаштыкы берип турат чал Кара алмадан...
+9
Dembele84
2018-10-23 00:36:36
Самаш дейт )))) ха ха ха
+4
Jasa
2018-10-23 03:35:17
Сапаш деп анан дагы Самаш деп эркелетесинер го тим эле
+2
patiydin
2018-10-23 06:22:30
Ай бечара администраторлар. Силерда Башкаларга окшоп "ДОЛЯ"сын берип турсанар тийбейт эч Ким! Бираз "жмот" болбогунго!
+2
Benazir08
2018-10-23 07:07:48
Жаап салсын канча уйбуло бузулат мындайдын айынан. Анан аябай эле Ошто саатынан квартирасын беришет экен го студенти деле башкасы деле шеригин апарып жатып жатып ясашып кайта беришет экен ошого окшогон квартираларды да текшергиле да. Антейин десен ар бир адамга ынсап бербесе биз тыйып буто албайбыз
0
barakcha
2018-10-23 08:21:47
"Кара алманы"текшербейсинерби?Негизи эле арам акча бир куну тешип чыгат!Бузукулук менен табылган акчадан Кудай сактасын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан