Өткөн апта ичинде жүргүзүлгөн рейддин алкагында мас абалында унаа башкарып жүргөн 26 айдоочу кармалып, 102 айдоочунун унаасы айып төлөөчү жайга токтотулду.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 15-октябрдан 21-октябрга чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында Чүй облусу боюнча жалпы 4549 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Мунун ичинен 899 айдоочу унаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн токтотулса, унаасынын айнектерин караңгылатканы үчүн 7, документтери жок унаасын башкарган 47 айдоочу жоопко тартылган.