Ош шаарынын бир катар аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, таза берүү бүгүн, 23-октябрда саат 00:00дөн баштап 25-октябрь күнү саат 00:00гө чейин өчүрүлөт.
"Ош шаардык суу канал" ишканасынын күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштерине байланыштуу Курманжан Датка, Манас Ата, Туран аймактык кеңештеринен, Достук кичи районунда жана Калинин аймагында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Суу чарба башкармалыгы өйдөдө аталган аймактардын тургундарына бир суткага жетерлик таза сууну камдап алууну эскертет", - деп айтылат маалыматта.