
Майлуу-Суудагы №30295-аскердик бөлүктө кызмат өтөө учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер
Руслан Сапарбаевге протез качан салынары белгисиз. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, алгач Сапарбаевдин колун түштүк кореялык дарыгер көрүшү керек. Андан соң дарыгер протезди качан салууга болорун айтат.
"Башкы штаб бир эле жаңы электр протезин сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал эми экинчи протезди алуу тууралуу сүйлөшүүлөр дагы эле жүрүп жатат. Азыркы тапта Сапарбаевди көрө турган дарыгер чет өлкөдө. Ал жакынкы күндөрү келип бейтапты көрөт", - деп билдирди маалымат кызматы.