2017-жылы Акыйкатчы институтуна 30 жаштан 60 жашка чейинки жарандардан 2 миңден ашуун кайрылуу түшкөн, 40 пайызынын арызы канааттандырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.
Анын айтымында, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары кеч чыкканы үчүн 2 жылга чейин убактылуу кармоочу жайда отургандар бар. "Эң көп арыз сот органдарына, укук коргоо органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана министрликтердин жетекчилерине карата жазылат. Атайын кайрылуулардан улам Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 1300 сот отурумуна катышкан", - деди Мамытов.
Мындан тышкары ал өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди санап берди. Анын ичинде таза суу менен камсыздоо маселеси, пенсионерлердин жана майыптардын көйгөйлөрү менен тааныштырды.