Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында бузулуу коркунучундагы үйлөрдү милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.
Мыйзам долбоордун демилгечиси Айтмамат Назаров кооптуу жайда жайгашкан турак үйлөргө мамлекет тарабынан акчалай жардам көрсөтүлбөй жаткандыктан мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин айтты.
“1 867 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап жатат. Алар мамлекеттен участок, ссуда же насыя да алган эмес. Бузулуу коркунучундагы үйлөрдү дагы милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүш керек, болбосо ал үйлөрдүн бузулушун гана күтүп калат экенбиз”, - деди эл өкүлү.
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кооптуу аймакта жашаган тургундар акча жок үчүн башка жакка көчө албай жатышканын айтты.
“Акча каражаттар берилбеген үчүн тургундар кооптуу аймактардан көчүп чыгуудан баш тартышкан. Аларды көчүрүүгө мамлекет тарабынан акча каражат каралбагандыктан аларды күчкө салып көчүрө албайбыз”, - деди ӨКМнын министри.
Комитет мүчөлөрү мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун жактырышкан жок. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Исхак Пирматов демилгечиден мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуш кылды.