Түркияда эмгек акысын ала албай жаткан жарандардын 17си айлыгын алып, мекенине кайтып келди

Түркияда эмгек акысын ала албай жаткан 46 жарандын 17си мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Стамбул шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн Башкы консулдугунун маалыматына ылайык, "Авангард Резорт" мейманканасында эмгектенген 17 Кыргыз жараны айлык акыларын алып, мекенине кайтып келди.

Башкы консулдук Кыргыз жарандарына Түркияга келерден мурда эмгек келишиминин шарттары менен толук таанышып алууну сунуштайт" деп айтылат маалыматта.

Ал эми калган жарандардын абалы боюнча Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Калган жарандардын да мекенине кайтуусу каралууда. Алар айлык акыларын кезек менен алып жатышат. Келе элек жарандарыбыздын баары мурдагыдай эле жатакана, тамак-аш менен камсыз болуп, өз кезектерин күтүшүүдө", - деди басма сөз катчы.

Белгилей кетсек, эмгек акысын ала албаган 46 Кыргыз жараны тууралуу SUPER.KG`ге мекенине келе албай жаткан жарандардын бири кабарлаган. Андан соң "Фиеста" аттуу компаниянын жетекчиси абал тууралуу түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurshoola
2018-10-23 13:01:23
Турцияга жонотобуз деген компанияларды жаапле салышпайбы жаштарды азгырып ушунчасын коруп деле рекламасын токтотпой келишет ал жака барбайле койгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан