Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкы башкармалыгы мэриянын карамагынан чыгарылды

Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкы башкармалыгы мэриянын карамагынан чыгарылып, өкмөттүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн 2015-жылдын 1-июлундагы Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкы башкармалыгынын "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому жокко чыгарылган.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугу жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан