Ушул жылдын 24-ноябрында саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири, жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.
Турдукулов билдиргендей, 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине бир жыл болот. Ошондуктан ал бул иш-чара 24-ноябрга белгиленгенин айтты.
"Бул курултайга президент Сооронбай Жээнбековго, экс-президент Алмазбек Атамбаевге, экс-депутат Өмүрбек Бабановго расмий чакыруу жөнөтүлөт. Бул бийликчил дагы, оппозициячыл да курултай эмес. Бул жерде өлкө маселесин талкуулоочу аянтча болот. Бул курултайды өткөрүүгө демилгечи болгондор жарандык коомдон мен, Айбек Мырза, Рита Карасартова, саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков", - деди Турдукулов.