Климаттын өзгөрүүсү тоолуу өлкөлөргө көйгөй жаратууда. Мындай пикирин Чыгыш Африкада жайгашкан Уганда өлкөсүнүн суу чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министри Китуту Бишкекте өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк тоо форумунда сүйлөп жатып айтты. Ал тоолор суунун булагы экенин белгилеп, анда жаралган көйгөйлөр бардык өлкөлөргө таасир бере турганын кошумчалады.
"Тоо - биз үчүн өтө маанилүү жана суунун булагы. Ал жалпы тоолуу өлкөдө жашаган элдер үчүн маанилүү болуп саналат. Бирок анда жаралган климат көйгөйлөрү бардык өлкөгө таасир берет. Биз бул жерде көйгөйлөрдү талкуулап, жаңы сунуштарды айтуубуз керек. Мен бул жерге тоолуу өлкөлөрдү, тоо системдерин коргоого биригүү үчүн чакыртылдым. Биздин көйгөй - климаттын өзгөрүүсү", - деди министр Китуту.
Бүгүн расмий ачылышы болгон форумга 40ка чукул өлкөдөн 300дөн ашуун эксперттер катышып жатат. Алар 26-октябрга чейин Бишкекте болуп, климаттын өзгөрүүсү, тоолуу аймактарды өнүктүрүү, ага инвестиция тартуу жана жаңы жаралган маселелер менен сунуштарды талкуулашат.