“Күч органдары кошумча акча каражаттарды сурап жатышат, алардын өтүнүчүн канааттандырууга мүмкүнчүлүк барбы?” - деп депутат Бакирдин Субанбеков каржы министринен сурады.
Каржы министри Адылбек Касымалиев мамлекеттик бюджетте кирешенин көлөмү аз болгону үчүн азыр күч органдарынын өтүнүчү канааттандырылбай турганын айтты.
“Азыр алардын өтүнүчүн канааттандырганга мүмкүнчүлүк жок. Бирок жыл ичинде кошумча каражаттарды таап берүүгө аракет кылабыз. Буга чейин бир нече күч органдарына кошумча акча каражаттарды таап берип келгенбиз”, - деди Касымалиев.
Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатат.