Депутат газдын баасы кымбаттап жатканын айтып, себебин сурады

"Газпром" келишимдеги убадаларын аткарып жатабы" деп сурады депутат Бактыбек Турусбеков тармактык комитеттин жыйынында.

Ал газдын баасы эмнеден көз каранды экенине кызыкты.

“Газпром” газдын баасын жарым тыйынга көтөрүп, кымбаттады деп эле жатышат да. Бул компания 5 жыл мурунку келишимдеги убадаларды аткарып жатабы?” – деп сурады эл өкүлү.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик комитетинин төрагасы Таалайбек Нурбашев баа жалпы жонунан өспөй эле турганын айтты.

“Ай сайын доллар өзгөрүшүнө карап эле газдын баасы алмашып жатат. Негизинен баа мурдагы боюнча эле. Газдын миң кубун чек арага чейин 150 доллардан алып келип беришет”, - деди Нурбашев.

Учурда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маселени карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан