Ысык-Көл облусунун ар кайсы аймактарынан келген үй-жайсыз адамдар үчүн Каракол шаарында баш калкалай турган жай ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын жай мэрия жана "Кызыл ай" коому тарабынан ачылган.
"Негизи шаардын көчөлөрүндө селсаяктык кылып жүргөн адамдар облустун ар кайсы аймактарынан келишкен. Аларды кабыл алуучу жай 1 аптадан бери иштеп жатат. 2013-жылдан бери кыш мезгилинде иштеп келебиз. Бул жерде адамдар түнөк гана таппастан, ысык тамак менен дагы камсыз болушат", - деп мэриядан билдиришти. Баш калкалоочу жай 20 кишиге ылайыкталган.