Билим берүү мекемелеринин жанында алкоголдук продукция сатылган 16 объект табылды
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда билим берүү мекемелерине караштуу 100 метрдик радиуста алкоголдук продукциялардын сатуусун токтотуу боюнча комиссия түзүлдү. Анын курамында райондук администрациянын башчысы А.Алиев, ички иштер башкармалыгы, салык кызматы, билим берүү борборлорунун кызматкерлери бар. Комиссиялык рейддин жүрүшүндө билим берүү мекемелеринин тегерегинде алкоголдук продукция сатылган 16 объект табылып, анын алтоо арак-шарап сатуусун токтотту. Ал эми калгандары боюнча иштер улантылууда.