Кожобек Рыспаев "РусГидро" берген 37 миллион доллар эмнеге иштетилгенине кызыкты

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга кеткен 37 миллион доллар эмнелерге иштетилген? Мындай суроону депутат Кожобек Рыспаев тармактык комитеттин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго берди.

Эл өкүлү бул маселе боюнча аудит жүргүзүү керек деген пикирде.

Боронов аталган маселе боюнча иштер жүрүп жатканын айтты. "Орусиянын "РусГидро" компаниясы Кыргыз өкмөтүн арбритраждык сотко берди. Эгер сот боло турган болсо, сөзсүз аталган каражаттын кайда жумшалганы боюнча аудит жүргүзүлөт", - деди ал.

Буга чейин "РусГидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча Кыргыз өкмөтүн Гаага сотуна бергени кабарланган.

Учурда парламенттин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде күз-кыш мезгилине даярдык талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан