СУПЕРСТАН: "Түшүмдө сүйлөнөм. Сырларымды айтып алып уят болгом"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Түшүмдө сүйлөнөм, мүмкүн чарчаганданбы?" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Саламатсыңарбы, достор? Мен уктагандан кийин сүйлөнө берет экенмин. Жомок айтканым айткан, видеого тартып алышып үйдөгүлөр шылдыңдашат. Башында үйдөгүлөргө кызык болсо, азыр коркушат. Күндүз эмне болгонумду, ким менен эмнени сүйлөшкөнүмдү уктагандан кийин төкпөй-чачпай айтып берем. Акыркы убакта басып кетчү дагы адат пайда болду. Эки-үч жолу басып бара жатып ойгонуп кеттим. Качан кошунамдын үйүнө кирип барып калам деп корком. Үйдөгүлөр түн жарымга чейин интернетте отурасың деп урушат. Эртең менен кайра эрте турасың ошого жакшы эс албай калып жатасың, балким, ошон үчүн болуп жатат дешти. Аларды угуп эки күн катары менен эрте уктадым өзгөрүү болгон жок. Дарыгерге көрүнсөм, муну биз айыктыра албайбыз дейт. Достор, бул оорубу? Бул адат эмне кылганда токтойт? Жообуңарды күтөм..." деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Саламатсызбы? Мен жазып баштай берсемби, анткени менин да башымдан ушундай нерсе өткөн, мен дагы бир кезде түндө сүйлөп, ал гана эмес, бирөө чалып калса, анын каалаган суроолоруна жооп берип, уят болгом. Айылда түндө от жагып адамдарды коркуткам, бирок булардын баары өткөн".

- "Кээ бир адамдарда ушундай боло берет. Эгер сиз эшикке чыгып кетемби деп корксоңуз, анда эшиктин астына кездемени суулап салып коюңуз, ошону басканда ойгонуп кетесиз".

- "Лунатизм менен ооругандар колун же бутун керебетке байлап укташат дегенди билем. Сактыкта кордук жок дейт. Жатарда сен да бир жерге байланып ал, жардам берет".

- "Менде да ушул көйгөй бар болчу. Уйкусурап отуруп алып төшөктөрдү жыйнап же кийинип кайра жатып алып, сүйлөнүп, иши кылса ызы-чуу болуп тынч жатчу эмесмин. Үйлөнгөндөн кийин эмнегедир калып калды".

- "Менде кээде эле ушундай, сырларыңды айтып алсаң уят эле да. Ушул нерседен кооптоном".

- "Уктап жатып сүйлөнүү ашып барса 30 секундга созулат. Бирок бул жагдай 2-3 ирет кайталанышы мүмкүн. Сүйлөнүп жаткан адам түшүндөгү сөздөргө караганда, өңүндө болгон окуяларды көбүрөөк сүйлөнөт. Адамдардын көпчүлүгү бул эки фазада: эрте уктаганда жана түнкүсүн корккондуктан сүйлөнүшөт".

- "Мындай көйгөй менде да бар, сүйлөнөм, кыйкырам, кээде сүйлөнгөнүмдү өзүм сезип калам. Үйдөгүлөр эмне дегендеримди айтышат, бирок менин эсимде жок. Конокко барып жатып калгандан уялам, кийин турмушка чыкканда кыйкырып, күйөөмдүн жүрөгүн түшүрбөсөм болду деп коём".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BoDiNur
2018-10-24 22:02:56
Ошентип суйлогондор журогунорду которгуло, озунор эле кундо эрте мн ач карын эшикке эле бутунарды акырын жормолоп которуп башынар жер жакта болот колунар мн сойкойсунор, силкинип силкинип кайра акырын тушосунор, эн жакшы физарядка
0
Tyty1990
2018-10-24 22:33:16
Озунорду Молдого окуткула,силерди окуган молдону башка молдого да окуткула ошондо токтойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан