Буга чейин Бишкектин Жал кичи районундагы 12 кабаттан турган 6/1 үйдүн тургундары “Аалам строй” курулуш компаниясынан батир сатып алып, бирок компания газ киргизип бербей жатканын жана курулуштун сапаты начар экенин айтып даттанышкан. Маселени чечүү үчүн Башкы прокуратурага, милицияга да арыз берүүгө аргасыз болушкан эле.
Аталган үйдүн Назира Жолдошева аттуу тургуну курулуш компаниясы алардын айткан талаптарын аткарууга убада бергенин SUPER.KG'ге 23-октябрда билдирди. Ал эми тургундар компанияга болгон карыздарын талаптар аткарылган соң төлөп беришмекчи болушту.
Тургундар жалпы 119 батирдин ар бир чарчы метрин орточо эсеп менен 600 доллардан сатып алып, анын 44ү компанияга 336 миң 961 доллар карызын төлөбөй келген. Мындан улам компания үйгө газ киргизип берүү боюнча келишимдеги убадасын аткарбай келген.
"Журналисттерге, прокуратура жана милицияга даттанганыбыздан кийин компания үйгө газ киргизип берүү жана үйдүн сыртын жасап берүү боюнча талаптарыбызды аткарууга убада берди. Тактап айтканда, 5-ноябрга чейин үйдүн сыртын жасап берсе, эки ай аралыгында газ киргизип беришет. Бирок иш аткарылмайын карыздарды төлөбөйбүз. Компания өзү да макул болду. Андан сырткары суу түтүктөрүбүздү кыркып кеткени үчүн чыгашанын ордун толтуруп берип жатышат", - деди Жолдошева.