Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ушул жылдын 19-сентябрындагы буйругу менен түзүлгөн экспедиция тарабынан Ооганстан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздар үчүн гуманитардык жүк жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, памир кыргыздарына 20 тонна ун, 4 тонна кумшекер, 4 тонна макарон жана башка азык-түлүктөр, ошондой эле 20 метр куб жыгач, 120 даана темир меш, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жеткирилди.

"Кичи жана Улуу Памирге аталган гуманитардык жардам оор жүк ташуучу 7 унаа менен жеткирилген, жүктүн жалпы салмагы болжол менен 60 тоннаны түзөт. Памирлик кыргыздар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана жалпы кыргыз элине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти. Экспедицияга Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле дарыгер-кардиолог, педиатр, акушер-гинекологдор катышты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sherzatik
2018-10-23 20:09:37
Аллахым ыраазы болсун!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан