Баткен облустук ооруканасынын башчысы: "Жол кырсыгында баш сөөгүнөн жаракат алган 2 жүргүнчүнүн абалы оор бойдон калууда"

17-октябрь күнү Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркагандардын ичинен 2 адамдын абалы өтө оор бойдон калууда. Алар дале жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Облустук оорукананын башчысы Нурлан Салиевдин айтымында, баш сөөгүнөн оор жаракат алган эки бейтаптын абалы өзгөрүүсүз.

"Жол кырсыгынан жабыркаган 2 адамдын абалы оор бойдон калууда. Аларга бардык тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Алар баш сөөгүнөн катуу жаракат алышкан жана кабыргалары сынган. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө жаткан дагы эки адамдын абалы туруктуу. Бүгүнкү күндө аталган жол кырсыгынан ар түрдүү жаракаттарды алган 9 адам дарыланууда", - дейт Салиев.

22 адам жабыркап, 1 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы 17-октябрь күнү кечке жуук Ош-Баткен-Исфана жолунда катталган. Анда киши жана жүк салып бараткан эки Мерседес-Бенц Спринтер карама каршы келе жатып сүзүшө кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан