Кызыл-Кыяда кайната-кайненесин балта менен чаап, качып кеткен күйөө бала кармала элек

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кайнатасы менен кайненесин балта менен чаап, окуя болгон жерден качып кеткен күйөө баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан маалымдашты.

"Кылмышка шектүүнү колго түшүрүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Азырынча ал кармала элек", - деп билдиришти милициядан.

Оор жаракат алган 62 жаштагы аял (кайнене) жана анын 69 жаштагы күйөөсү (кайната) денесинен бир нече жаракат алып, кечээ аймактык ооруканага жаткырылган.

Эске салсак, окуя 23-октябрга караган түнү саат 1:00 чамасында орун алган. Анда Ноокат районунун 26 жаштагы тургуну кайнатасынын үйүнө кирип, уктап жаткан кайнатасы менен кайненесин колдоруна жана баш сөөгүнө балтанын туюк жагы менен чаап, денелерине оор залал келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен.

Кайната-кайненесин балта менен чаап, качып кеткен күйөө баланы издөө иштери улантылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aidinaernur
2018-10-24 11:53:07
Тооба кылдым
Уройду учурган окуялар
+1
nematovich.90
2018-10-25 00:03:22
Ким деген? кайсыл жерден болот? Жок дегенде суротун киргизип койсонор тезирээк колго тушот.
+1
Isakov82
2018-10-25 01:18:50
Жүгөөрү талаасына издегиле да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан