SUPER TV: Жан дүйнө. "Сүйүүдөгү алсыздык. Бир жигиттин айынан үйүмдөн да, унаамдан да айрылдым"

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.

Ата-энем автокырсыктан көз жумган. Андыктан кичинемден эле жашоого тың, баарына өз күчүм менен жеткен күчтүү кыз болуп чоңойдум. Борбор калаадан сатып алган батиримде жалгыз жашайм. Иштеген жумушум, айдаган унаам бар. Ал гана эмес, сүйүүнү да башымдан өткөрүп, өз теңимди таптым. Бирок бул бактылуу күндөр тез эле соңуна чыгат деген ой үч уктасам да түшүмө кирбейт эле...

Өзүмдү канчалык күчтүүмүн десем да, сүйүүдө алсыз экенимди эми гана билип отурам. Мен сүйгөн мырзанын аты - Максат. Ал мени ушунчалык өзүнө арбап алгандыктан, аны өз камкордугума алып, чогуу жашап, жыйынтыгында Максаттан гана эмес, үйүмдөн, унаамдан да кол жууп каларымды кайдан билейин?

Кызыгы, мен аны дагы деле сүйөм. Күнү-түнү аны оюмдан чыгара албай, санаага батып келем...

Окуяны толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрүңүз.

Жан дүйнө. “Сүйгөнүмдүн айынан үйүмдөн да, унаамдан да айрылып, курсагымдагы балам менен көчөдө калдым”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asyl.jazi
2018-10-24 11:19:39
Аялдар ишенчээк болобуз да ушундай. Эркектердин ширин, жалган сөздөрүнө бат эле алданып калабыз. Анан ким күнөөлүү, алданган аял затыбы же алдаган эркектерби? Албетте аялды күнөөлөйт, башы иштебейт, акылы жок деп.
+5
Asyl10
2018-10-26 16:11:23
Азыр альфонстор толтура,бир коллегам бар жапжаш жигит, "жирный эжешкаларга охота" кылып журот. Машинасын минип, курсак ток, кийим бутун "жизнь в шоколаде" болот дейт. Эжешкалар тороп бербейт сага десем. Эээ зачем баланын кереги бар, бир жаш кызга уйлонуп аны бак, анан 2-3 сопливый баланы багыш керек. Ошентип омур отуп кетет. Андан коро " в шоколаде жашшаш керек, в шоколаде " дейт. Джип минген эжешкаларга кайрымак салып журот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан