Казакстандын түндүк аймагында жайгашкан бир нече айыл жоюлат. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусия менен чектешкен Казакстандын 38ге жакын айылы жоюлат.
"Жашоочуларынын саны 10го жетпеген айылдар жоюлуп, алардын тургундары башка жашоочулары көп, өнүккөн айылдарга көчүрүлөт. Мындан ары өлкө бийлиги тургундарынын саны көп айылдардын инфраструктурасын жакшыртып, аларды өнүктүрүү үчүн каражат бөлөт", - деп жазылат маалыматта.
Казакстандын түндүк аймагы Орусиянын Омск, Тюмень, Курган, облустары менен чектешет. Аталган аймакта жергиликтүү жашоочулардын 35 пайызын казактар түзсө, калгандары орустар, украиндер, поляктар жана немистер.