Украинада 800 адам кызылча илдетин жуктуруп алды

Украинада 800 адам кызылча илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, өткөн жума ичинде эле кызылча оорусу менен 781 адам ооруканаларга кайрылган. Алардын ичинен 217 чоң адамдар жана 564 балдар. Бул көрсөткүч мурунку жумага салыштырмалуу 10,5 пайызга көп.
"Балдар арасында кызылча оорусу тездик менен тарап жатат. Оорулуулардын көбү пландык эмдөө аз жасалган облустарда катталып жатат. Көбүнчө 5 жаштан 9 жашка чейинки балдар ооруп жатат. Жыл башынан бери Украинада кызылча оорусу менен 33 миң 937 адам катталса, алардын ичинен 10 бала жана 4 чоң адам көз жумган", - деп жазылат маалыматта.
Кызылча - жугуштуу оору. Анда эт ысып, жөтөлүп, мурун бүтүп, үн каргылданат, көздүн, ооздун былжыр чели сезгенип, териге кызыл бүдүрлөр чыгат. Кызылчаны вирус козгойт. Оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө анын шилекейи, какырыгы менен вирустар абага тарап, соо адамга өтө тез жугат. Кызылча менен бардык кишилер ооруйт. Ооругандарда туруктуу иммунитет пайда болот. Көбүнчө 5 жашка чейинки балдар ооруйт. 3 айга чейинки балдар демейде оорубайт, анткени ага бала кезинде ооруган эненин иммунитети берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан