"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев жол кырсыгынан кийинки урушта башынан жаракат алып каза болгон. Кылмышка шектүү катары кармалган эки адам жазадан качууга аракеттенип жатканын маркумдун уулу Азирет Жакыпбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал окуянын күбөлөрү же жолдон өтүп бара жатканда көргөндөрдүн маалымат бөлүшүүсүн өтүнгөн.
Эске салсак, кырсык 21-октябрь күнү саат 20:00 чамаларында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Менин ата-энем Тойота Камри унаасында болушкан. Аларды Лексус үлгүсүндөгү унаа артынан келип сүзгөн. Эки унаа тең токтогондо алдын ала маалыматтар боюнча эки адам атамды унаасынан чыгарып сабай башташкан. Анын кесепетинен атам ошол жерден көз жумган. Экспертизанын жыйынтыгында атамдын башында жаракаты бар экени аныкталды. Сабагандар качууга аракет кылып жатышканда кармалышкан. Алардын мас экендиги аныкталган. Азыркы тапта жазаны жеңилдетүү, жазадан качуу амалында кармалгандар атамдын өзү жыгылып кеткенин айтып жатышат", - деп жазат Азирет Жакыпбаев.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен жана Жазык-процесстик кодекстин 94-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары окуяга катышы бар 2 адам кармалган.