Ички иштер министри: "Жыл башынан бери 613 кылмыштуу топтун 1 жарым миңдей мүчөсү кармалды"

Бишкекте бүгүн, 24-октябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Чүй ОИИББинин башчысы жана башка жооптуу кызматкерлердин катышуусундагы коллегиялык жыйын өтүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы каралып жатат.

"9 ай аралыгында 1 538 кылмышкер кармалган. Алар 613 ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөлөрү болгон. Алар тарабынан 1 жарым миңден ашуун кылмыш иштери жасалгандыгы аныкталып, жоопко тартылды. Алардын ичинен туруктуу, ар кандай оор кылмыштарды жасаган 69 кишиден турган 25 кылмыштуу топ 100гө чукул оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы аныкталган. Анын ичинен ыкчам иликтөө жана издөө иш-чараларынын натыйжасында ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн 181 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, жоопко тартылган", - деди Жунушалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RusMos76
2018-10-24 13:35:44
Кылымыштуу топтун мучосу болгону аныкталса катуу жаза киргизе турган закон кабвл алыш керек озунчо, 613 кылмыштуу топ кичине мамлекетке эбегейсиз эле, туп тамырынан бери жок кылыш керек озу жеп чычарларды, ак эмгеги менен иштеп тапсын бироонун эсебинен жашабай!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан