Кыргыз тарап виза ала албай жаткан студенттер боюнча Кытай тарапка нота жөнөттү

Буга чейин кыргыз студенттери Кытайга виза ала албай жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Бүгүн, 24-октябрда Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмү бул маселе боюнча Кытай тарапка нота жөнөткөнүн ырастады.

Маалыматка ылайык, виза ала албай жаткандар Кытайга окууга өз алдынча тапшыргандар.

"Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү министрлиги тарабынан окууга жиберилген студенттер эч кандай маселесиз виза ала алышат. Анткени министрлик студенттердин тизмесин бизге беришет. Ал эми биз элчилик менен сүйлөшкөндөн кийин алар виза алып окууга жөнөп кетет. Буга чейин миңге жакын студент ушинтип кеткен. Ал эми окууга өз алдынча тапшырган студенттер электрондук кезек менен виза алышы керек. Бирок көпчүлүк студенттердин окуусу жакынкы арада башталат экен. Маселени чечүү максатында Кытай тарапка нота жөнөттүк", - деп билдиришти бөлүмдөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Take_men
2018-10-24 10:49:26
Кыргыздарга виза бербей кыйнады Кытай. Себеби Кытайдан качкан уйгурлардын баары Кыргызстанда жашайт. Аларды калкалап жөнөкөй элди кыйнаган биздин эле чоңдор. Бер деген уйгурду бериш керек Кытайга
+1
bekmirzach
2018-10-24 10:53:22
Ушушунун баары Атамбаевден калган чала сабат кадрлардын ишинин жыйынтыгы. Алардын азабын бүгүн карапайым тартып жатат.
+1
urmat-77
2018-10-24 11:25:53
Жанагы эси жок депутат айымдын кабары болду бекен.Өзү бизди эч бир өлкө тоготпойт сыйлабайт.Дагы алардын алдына жатып бергиси келип турган келип турган чоңдордо намыс жок.Кайран шору түгөнбөгөн эл.Ушул 120кой өкмөт баары качан жоголуп бүтөт экен.
0
Bars88
2018-10-24 11:49:25
Канча адам кытайга бара албай атат виза ачпай.Булардын саясаты жалан кытайлар иштеш керек дегени.Биздин кокмээлер визасыз киргизебиз деп атышат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан