Коңшу өлкөлөрдө картошканын түшүмү мол болгон үчүн бизде анын баасы арзан болууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.
Анын айтымында, акыркы 2 жылда коңшу Өзбекстанга картошка көп өлчөмдө экспорттолуп келген.
"2015-2016-жылдары картошканын баасы жогору болуп, коңшу Өзбекстанга көп өлчөмдө экспорттолуп келген. Быйыл дыйкандар былтыркыдай эле норма менен картошка эгишкен. Бирок коңшу өлкөлөрдө да картошканын түшүмү мол болуп, биздин картошка коңшу өлкөлөргө экспорттолбой, мындан улам анын баасы арзан болууда", - деди Керимбаев.
Буга чейин парламенттин 18-октябрдагы жыйынында депутат Ирина Карамушкина дыйкандар картошкасын сата албай жатканын, Өзбекстан бир тараптуу киргизбей койгонун айтып чыккан.
Дыйкандардын эмгеги акталбай, баалардын түшүп кеткени боюнча кеңири маалымат менен таанышыңыздар.