ИИМ министри: "Милициянын ишин канааттандырарлык деп баалайм, бирок кемчиликтер да жок эмес"

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Чүй ОИИББинин башчысы, Бишкек ШИИББи жана башка жооптуу кызматкерлердин катышуусундагы коллегия өтүүдө.

Министр социалдык тармактар аркылуу аты жок, өздөрү тууралуу маалыматы жок адамдардын ой-пикири көп жазылып жаткандыгын билдирди.

"Милициянын жасаган иштерин канааттандырарлык деп баалайм. Ооба, кемчиликтер да жок эмес, бирок буларды жоюу үчүн тиешелүү иш-аракеттер жүрүүдө. Бир кызматкердин терс иш-аракеттеринен улам милициянын баарын каралоо туура эмес", - деди ИИМ министри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан