Кенжебек Бокоев: "Төө буурчактын бир дагы үрөнчүлүк чарбасы жок"

Дыйкандар үчүн кирешелүү тармак болгон төө буурчактын бир дагы үрөнчүлүк чарбасы жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Эл өкүлү төө буурчак өлкө үчүн да кирешелүү тармак экенин айтып, анын үрөнүн өндүрүүгө тиешелүү министрлик көңүл бурбаганын сындады.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев бул боюнча Түркия мамлекети менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

“Биз бул боюнча түрктөр менен иштешип жатабыз. Төө буурчак үрөнчүлүгүн түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келечекте бул чарбаны түзөбүз”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talas0707
2018-10-24 19:57:27
2050 жылыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан