Баткен облусундагы "Шамбесай" кениндеги окуя. Министр мыйзамды сыйлоого чакырды

Кадамжай районунун Майдан айылындагы “Шамбесай” алтын кенинде кечээ, 23-октябрда жаңжал чыккан. Мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү аталган кенде иликтөө иштерин жүргүзүү максатында суу менен топурак алуу үчүн келишкенде жергиликтүү эл каршылык көрсөткөн. Окуя болгон жерде тартылган видеодон милиция кызматкерлери аялдарды булкуп эки жакка түрткүлөп жатканын көрүүгө болот.

Бул окуя боюнча, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев коллегиянын жүрүшүндө суроолорго жооп берип жатып, мыйзамды сыйлоого чакырды.

"Кыргыз жараны болгондон кийин өлкөнүн мыйзамын сыйлоо керек. Ишке кире элек ишкананын иштөөсүнө нааразычылыгын билдирип чыгуу мыйзам бузууга жатат. Бул ишкана боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Бирок жергиликтүү тургундар чыга элек жыйынтыкка да нааразы болууда", - деди Жунушалиев.

Ал эми облусттук милициядан милиция кызматкерлери аялдарды сүйрөп кетип жаткандагы көрүнүш боюнча "алар тартипти сактаган" деп билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MES
2018-10-24 14:40:36
Кантип эле видеодо көрүнүп эле турбайбы булкуп сүйрөп жүргөнү
+1
Sahka
2018-10-24 15:27:27
Ушу формачандарды коргон сайын кыжырын кайнай турган болуп калды го Кыргызстанда. Айрыкча ИИМ. Паранын кулдары
0
Flowhive
2018-10-24 15:28:03
Кыргыз милициясы оңолбойт,ошол сүрөттө отурган милиция кызматкерлери өздөрү кандай адамдар...эх башчысы ошолор болсо
+1
555-777
2018-10-25 02:31:08
Урматтуу министр! Тиешелуу экспертизалар??? Экспертизанын жыйынтыгы кытай тараптуу болуп чыгышы ал дайын эле да. Кытайлардын акчасын жеп алгандан сон ар балекетти айтып озунордун кочугунорду жабасынарда кайдагы инвестицияны айтып. Биринчи очередь КЫРГЫЗ ЭЛИНИН кызыкчылыгы корголуусу керек! Кылымдардан бери эле КЫРГЫЗ ЭЛИМ алтынсыз,Кумторсуз, кытайсыз эле жашап келишкен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан