Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 3 ай мурун сууга агып кеткен адамды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымтта жазылгандай, ушул жылдын 2-июлунда Барскоон айылынын 79 жаштагы тургуну С.Ч. аттуу жаран үйүнөн чыгып, Казы-Уя жайлоосуна мал айдап баратып Кара-Суу суусуна агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу, Каракол шаардык №15-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, жалпы 10 куткаруучу чыгып, 19-октябрдан бери издөө иштерин жүргүзгөн менен табылган эмес. Мындан улам 23-октябрь күнү саат 18:00дө издөө иш-чаралары токтотулган.